Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 18…23°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 2018-жылдын 13-15 июндарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
14-16-июндарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-июнда күндүз, 15-июнда жана 16-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
14-16-июндарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 14-июнда күндүз, 15-июнда жана 16-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 16-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу
14-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
15-июнда жана 16-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Булак: Кыргызгидромет
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ