Menu

Азике 60 жашка чыкса да “көк жал картайса да бир койчолук алы бар” дегендей Атамбаевди алып түшөм дейт

Бөлүшүү:

Кечээ революциянын бульдозери аталган Азимбек Бекназаров төрт китеп жазып, анын бет ачарын өткөрдү. Саясатчылардын көбү ошол жерде жүрдү. Роза Отунбаева башында турган убактылуу бийликтин өкүлдөрү да барышты. Бульдозер артка кайтпастыгын дагы бир жолу далилдеди. Алтымышка чыксам да алышканга даярмын деди Бекназаров. Бир эмес эки революциянын башында турган Азике тамаша аралаштырып сөз айтып бийликтегилердин үрөйүн учуруп коё жаздады. “Үчүнчү революция жасаганга ал-күчүм жетет. Ал үчүн Акаев, Бакиевден күчтүү демөөрчүлөрүм да бар. Болгону кайра эле акаевшинаны алып келип аламбы деп корком. Мындан кийин кандай адам келип калат деген коркунуч бар” десе болобу. Баары Азикеден неге коркот десе, көк жал картайса да бир койлук алы бар деген ушул тура. Китептин бет ачары тамаша аралашкан сөздөр менен коштолду. Роза Отунбаева сөз сүйлөгөнү чыгып “31-августтан кийин эмне деп сүйлөш кыйын болуп калды” деп күлдүрдү. Ахматбек Келдибеков болсо “Акаев учурунда Равшан экөөбүз эң жаш министр болгонбуз. 2005-жылы парламентке депутат болуп келгенде бизди акаевчи деп айтышты. 2010-жылы болсо бакиевчи деп асылышты. Бакиевди колтуктап биз алып келген эмеспиз да. Силер алып келгенсиңер. Азыр болсо баарын куугунтуктап бүтүп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кезек келди” деп тамаша-чын аралаш согуп өттү. Бекназаровдун жазган китептеринде көп фактылар келтирилгени Отунбаеванын сөзүнөн эле билинди. “Текебаевдин “Убактылуу Өкмөт” деген китеби көп документтердин жыйыны болуп калгандай эле болгон, Азимбек көп нерсени жазыпсың”  дегени эле китеп көп талкууну жарата турган болду.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: