Menu

Бабановду саясатка келгис кылып тапташабы?

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Өмүрбек Бабановго “бийликти басып алууга даярдык көрүү” жана “массалык башаламандыкты уюштуруу” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматта Канатбек Исаев менен кошо кармалган үч адам президенттикке талапкерлигин койгон Бабановдун тарапкерлери менен бирге бийликти күч менен басып алууга даярданышканы айтылат. Азыр бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул “Республика – Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон экинчи кылмыш иши. Башкы прокуратура 4-ноябрда Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-статьясынын биринчи бөлүгү (“Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу”), 299-статьясынын биринчи бөлүгү (“Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу”) боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Учурда Бабанов чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. Бирок бийлик менен жарашууга болгон бул аракетинен дагы майнап чыкпай, биротоло саясатка кайтып келгис болуп тапталганы калды…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: