Menu

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Оор кырдаалда биринчи катарда турган саясатчылардын бири Азимбек Бекназаров болуп эсептелинет”

Бөлүшүү:

Көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 60 жашка толду. Бул инсандын коомдогу ордун кандай баалайсыз?

– Бекназаровдун коомдогу орду абдан чоң жана маанилүү. Көп саясатчылар Кыргызстанда өзүнүн жеке кызыкчылыгы менен президенттерге, же болбосо саясый кандайдыр өзгөрүүлөргө жараша сөз сүйлөп, ошого жараша кыймыл кылышат. Алардан айырмаланып Азимбек байке өзүнүн ички дүйнөсү эмнени айтып, кандай нерсе талап кылса ошону жасаган адам болуп эсептелет. Башка саясатчылардан айырмаланып берген убадаларын аткарбай койбойт. Эгер сөз же убада бере турган болсо сөзсүз аткарат. Президенттер чектен чыгып, Атамбаев менен Бакиев мамлекетте каалаганын жасап тайраңдай баштаганда дайыма оор кырдаалда биринчи катарда турган саясатчылардын бири Азимбек Бекназаров болуп эсептелинет. Ким кандай деп айтпасын анын кыргыз саясатындагы орду ат көтөргүс чоң, жана аябагандай маанилүү.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: