Menu

Назирбек Борубаев Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борубаев  Назирбек  Нарматовичтин резюмеси:

Билими: Жогорку, Ташкенттеги ТИИИМСХ институтун инженер-жер пландоо адистиги боюнча аяктаган.

1969 – Лейлек районунун «Кара-Суу» сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими;

1975-1984 – «Кыргызгипрозем» институтунун Оштогу филиалында инженер, партиянын башчысы;

1984-1986 – Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы инженер-жер пландоочу;

1986-1989 – Лейлек райондук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;

1990 – партиянын Лейлек райондук комитетинде инструктор;

1992-жылга чейин Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин төрагасы;

1992-1994 – Лейлек районунун «Кара-Суу» айыл чарба кооперативинин төрагасы;

1994-1996 – Лейлек райондук агрардык реформа боюнча борборунда башкы адис;

1996-1999 – Лейлек районундагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы;

1999-2000 – Лейлек райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;

2000-2011  – Баткен облустук кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча борбордун директору;

2011-2013 – «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк аймактык бөлүмүндө башкы адис;

2013-2020 «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: