Ош шаарынан 300 ажы ажылык милдеттерин өтөө үчүн Медина шаарына учуп кетишти. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Зыяратчыларды узатуу салтанатына Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, мекендештерибизге ак жол каалап, ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарып келүүсүнө тилеп өттү. Ошондой эле шаар казысы ажылык машакаттуу амал болгондуктан сабырдуулук, такыбалык менен Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын сактап, ажы башчыларга моюн сунуу менен ажылык амалдарын аткарып келүүгө чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ