Өкмөт башчы Сапар Исаков элге жедеп жек көрүнгөн “Энерго холдингдин” балакай башчы Айбек Калиевди кызматтан алды. Исаков элдин талабын укса, эл менен эсептешсе, Калиевди ТЭЦтеги авария жана коррупция боюнча жылдын башында эле алышы керек болчу. Мейли эми, азыр деле кеч эместир. Негизи Калиев ТЭЦтеги авария жана коррупция боюнча эң башкы күнөөкөр адам экени эштекбайдын энөө баласына деле маалым. Аны кызматтан жөн гана бошотуп жибербей, жоопко тартуу керек. Буга чейин УКМКнын абагына киришкен ТЭЦтин, Улуттук электр станцияларынын жетекчилеринин артынан кошо кириши зарыл. Ошондо гана эл ыраазы болот. Болбосо, элдин нааразычылгы бийликке күчөй берет. Балким, Калиев кызматтан бошонсо ден соолугуна шылтап, Бабановго окшоп, качып кетеби? Мындай болушу да толук мүмкүн.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ