Menu

Роухани өзөктүк келишим кайра каралбай турганын билдирди

Бөлүшүү:

Иран президенти Хасан Роухани бейшембиде дүйнөлүк державалар менен өзөктүк келишим кайра каралбай турганын айтты. Бул билдирүүнү ал БУУнун Башкы Ассамблеясынан келген соң жасады. Трамптын администрациясы келишим АКШнын кызыкчылыктарына жооп береринен күмөн санап жатканын бир нече жолу ишара кылган.

2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, Иран экономикалык санкцияларды жумшартууга жооп иретинде өзөктүк программаларын кыскартууга макул болгон.

АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде БУУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө келишимди “керексиз жүк” деп атаган.

Трамп Барак Обаманын Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция, жана Германия лидерлери менен чогуу түзгөн келишими боюнча чечим кабыл алганын жарыялап, бирок кандай бүтүмгө келгенин айткан эмес. Бирок АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Трамптын сөздөрү Вашингтон макулдашуудан баш тартат дегенди билдирбей турганын баса белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: