Бишкектеги № 17 үй-бүлөлүк медицина борборунун коронавирус жуктуруп алган дарыгердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы вирусту жуктуруп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова журналисттерге билдирди.
“2-категориядагы байланышта болго кишилерден коронавирус табылды. Алардын арасында үч чоң киши жана 3 жашар бала бар. Бардыгы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык” – деп билдирди башкы дарыгер.
Эске салсак, № 17 ҮМБнын сегиз дарыгери коронавирусту жуктуруп алышкан. Оорукана жабылып, бардык кызматкерлер изоляцияга алынган. Гүлнара Ташибекова буга чейин № 17 ҮМБнын дарыгерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышкандыгын маалымдаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ