Menu

Саясатчы Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековду кайсы бир саясый күчтөр коркутуп, кызматтан кетүүгө мажбурлашты деп эсептейт

Бөлүшүү:

Мурунку премьер-министр Феликс Кулов президенттин алдына эки тандоону коюшту деп эсептейт – өз ыктыяры менен кызматтан кетүү же согуш. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда Facebook баракчасына жазды.

Ал бүгүн коомдук ишмерлер тобунун президент менен жолугушуусу болгонун ырастады. «Кызматтан кетүү тууралуу сөз болгон жок. Жолугушуу бүткөндөн кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев резиденцияга келишип, президентке кирип кетишкен», – деп жазган Феликс Кулов.

«Мына, чоң жаңылык: президент күтүлбөгөн жерден оюн өзгөртүп, күтүүсүздөн кызматтан кетти. Бул жерде бир гана тыянак болушу мүмкүн. Кээ бир күчтөр (эртедир-кечтир, мен ишенем, кандай күчтөр экени белгилүү болот) бийликти күч менен басып алууну чечишти жана президенттин алдында тандоо турду: өз ыктыяры менен кызматтан кетүү же чыныгы согуш,” – деп ойлойт ал.

Анын ою боюнча, өлкө үчүн ушундай кризистик мезгилде мамлекет башчы кызматынан өз ыктыяры менен кетпейт болчу.

“Эми парламенттин таркап кетишин талап кылып жатышат. Андан кийин бүт өлкө премьер-министрдин колуна өтөт. Андан ары эмне болору эми түшүнүктүү боло баштады, мунун баары кимдир-бирөөлөрдүн алдын-ала жазган сценарийи боюнча ишке ашып жатат”, – дейт Кулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: