Menu

Генерал Курсан Асанов милицияга арналган эки мыйзам долбоорунун бет ачарын өткөрдү

Бөлүшүү:

ИИМ: Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов  “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун презентациялады

 Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин колдоосу менен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга жана элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга багытталган укук коргоо чөйрөсүндө бир катар реформалар жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын 12-сентябрь күнү Чүй ОИИБде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.С. Асанов Бишкек ШИИБдин, Чүй ОИИББдин өздүк курамы, андан сырткары ИИОнун ардагерлери менен жолугушуп, анда Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору, анын ичинде “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун презентациялоо менен талкууланды.

Аталган жолугушууда катышуучуларга  жогорудагы мыйзам долбоорлор боюнча толук түшүндүрмө беришип,  республиканын жарандары менен ИИОнун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө, андан сырткары башка укук коргоо органдарына маанилүү экендигин билдиришти. Жогорудагы  “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 28-июнунда республиканын парламенти тарабынан биринчи окууда кабыл алынып, экинчи окуунун алдында республиканын аймактарында кеңири талкууга  алууну сунушташкан. Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөгү негизги тартиби  менен шарттарында  бирдиктүү укуктук жана уюштуруучулук, укуктук абалы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн социалдык камсыздоо кепилдиги, укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлеринин акча каражаттары, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздалуусун ирээттөө каралган.

Андан сырткары,  мыйзам долбоорду кабыл алуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай окладын көбөйтүү, биринчи ирээтте катардагы жана жетектөөчүлүк курамдагы кызматкерлердикин 40 % пайызга чейин, ошондой эле ИИОдогу кызмат өтөгөндөгү үчүн кошумча 30% пайызга көбөйтүүгө шарт түзүп, укук коргоо кызматынын аброюн көтөрүп, укук коргоо органдарынын түзүмдөрүндө орун алган паракорчулук көрүнүштөрүн азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

ИИОнун кызматкерлери менен ардагерлери жаңы мыйзам долбоорун  толкундануу менен кабыл алышып, мыйзам долбоорун талкулоого активдүү катышып, абийирдүүлүк менен кызматтык милдеттерин аткарууга даяр экендигин билдиришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: