Бүгүн, 12-октябрда, Sheraton мейманканасында «Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын финалы өтөт. Ага ар кайсы аймактан келген (16 жаштан 24 жашка чейинки) 17 кыз катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Эске сала кетсек, аталган сынакка 30 кыз катышып, финалга 17 кыз чыккан. Ага чейин, 5-октябрда «Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын жеңүүчүсүнө ыйгарыла турган таажынын бет ачаары болгон. Анда сынактын уюштуруучусу, белгилүү модель Бегимай Карыбекова сүйлөп, таажынын жасалгасы тууралуу айтып берген. Таажынын баасы 5 миң долларды түзгөн, анын автору – зергер Рашид Шадыканов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ