Кечээ, 24-мартта экс-канайым Раиса Атамбаева уулу Кадыр Атамбаев менен Ташкенге учуп кетишти. Бул тууралу КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу бүгүн, 25-мартта билдирди.
“Алар Өзбекстандын канайымы Зироатхон Мирзиёеванын чакыруусу боюнча сапарга аттанышты. Алардын ысык достук мамилелери бар, Раиса Атамбаева менен Зироатхон Мирзиёева дайыма байланышып турушат. Раиса Атамбаева уулу менен Бишкекке 28-мартта кайра учуп келет”, – деп жазат Кундуз Жолдубаева.
Ал эми билермандар бул Алмаз Атамбаевдин кезектеги эле пиар кадамы – түштүктөгү калктын өзбек бөлүгүн өзүнө тартуу үчүн жасап жаткан куулугу деп баалашууда.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ