Эртең, 3-декабрда Франциянын борбор шаары Парижде өтө турган “Алтын топ” сыйлык тапшыруу аземине атактуу футболчу Криштиану Роналду көп убакыттан бери биринчи жолу катышпайт. Бул тууралуу Sky Italia сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, португалиялык “Ювентус” клубунун чабуулчусу мындай чечимди 2018-жылдагы Европанын эң мыкты футболчусу ал эмес, “Реал Мадрид” клубундагы Лука Модрич болорун укканда кабыл алган.
Эскерте кетсек, Криштиану Роналду алтын топтун 5 жолку ээси. Ал эми “Алтын топ” сыйлыгы жыл сайын эң мыкты футболчу деп табылган спортчуга берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ