Социалдык тармактын колдонуучулары өздөрүнүн Инстаграм, Фейсбук баракчаларына Бишкекти, Ала-Тоо аянтын тазалоого чакырып жатышат. Алардын арасында белгилүү адамдар дагы бар.
Кечээ, 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээтинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.
Митингден кийин шаарда отургучтар талкаланып, калаанын борбордук бөлүгү таштандыга толду.
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1219544548419274&id=100010912202365
https://www.facebook.com/olga.trukhanova.1/posts/2756819497936836
https://www.facebook.com/chynarbek/posts/1855801524558935
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=10222336057697572&id=1450894586
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ