Бүгүн, 16-августта “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов КР БШКдан 15-октябрда өтчү КР президенттигине шайлоого расмий талапкер катары катталып, күбөлүк алды.
Бул церемониядан кийин журналисттер Бабановдон “Эгер шайлоодо бир аз айрыма менен утулуп калсаңыз эмне кыласыз? Митинг, нааразычылык акцияларын уюштурасызбы?” деп сурашты.
“Быйыл 15-октябрда, кечки саат 8де Кыргызстан жаңы президенттүү болот, ал адамдын фамилиясы Бабанов!” деп жооп берди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ