Menu

Абдулла Арипов: Өзбек тарапты биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы толук канаттандырат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Аббулла Арипов бүгүн, 16-августта, делимитация жана демаркация боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана  эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиясынын сегизинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө берген  жыйында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен  болгон жолугушууда ачык ишенимдүү сүйлөшүү болуп, анда эки тараптуу кызматташуу багытындагы бир катар актуалдуу маселелерге токтолдук. Өзбек тарапты биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы толук канаттандырат. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча биргелешкен ачык достук мамиледеги сүйлөшүүлөр болду», —  деди  Абдулла Арипов.

Ал Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев коңшу мамлектетер менен эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө, анын ичинен Кыргызстанга өзгөчө приоритеттүү багыт катары көңүл бурарын кошумчалады.

Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов Өзбекстан кыргыз тарап менен болгон алаканы бекемдөөдө достук мамилени чыңдоо жана эки өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен  биргеликте кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал ошондой эле Өзбекстан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча ачык диалог ишенимди мындан ары да, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча көп тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө үчүн зарыл болгон аракеттерди жетектөө үчүн күчтүү саясий эрк бар экенин баса белгиледи.

Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө токтолуп жатып, Абдулла Арипов кыргыз-өзбек мамилесинде өзөктүү негизги маселелер талкууланганын жана келечекте бул алакаларды бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр болгонун айтып өттү.

«Айрыкча кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоо боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр кубандырат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюшту. Эки тарап  соода жана анын структурасын түрүн мындан ары өнүктүрүүнүн маселелерин караган салык кызматташтыгын жана бизнес, бизнес-түзүмдөр жана региондордун ортосундагы байланышты өнүктүрүүнү күчөтүү үчүн эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөштү. Биз дуушар болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, өз ара соода жүгүртүүнүн олуттуу көлөмүн жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү транспорт жана байланыш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү этап этабы менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү бар», — деди Абдулла Арипов.

Өзбекстандын Өкмөт башчысы тараптар, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана көркөм өнөр, туризм, спорттук жана башка тармактарда чөйрөсүндө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча өз милдеттенмелерин ырастады деп билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: