Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Данияр Сыдыков Октябрь окуялары учурунда Ак үйдөгү иш бөмөсүнөн спортчу Азиз Сатыбалдиевдин чемпион курлары жоголгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-декабрда Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анын айтымы боюнча, спортчу Азиз Сатыбалдиев үч курун ырымдап сактоого берген.
“Менин иш бөлмөмдө аралаш мушташ боюнча чемпион Азиз Сатыбалдиевдин үч куру сакталып келген. Үч чемпиондук кур жоголду, үч жылдык наам, ага канча жылдык машыгуу, эмгек кеткен жана тер төгүлгөн. Азиз үчүн гана эмес, алар мен үчүн да кымбат, биздин мекенибизге да кымбат деп терең ишенем” – деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ