Ош шаарында лицензиясы жок автомектеп ачып, элди алдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы Ноокат районунун тургуну (П.К.) кармалган. Ал Ош шаарындагы Өскөналиев көчөсүнөн кеңсени ижарага алып, лицензиясы жок “Автомектеп” ачып алган. Ал жерге келгендерге өзүн башка ат менен мектептин директору катары тааныштырып, күбөлүк берүүнү убадалаган. Ошентип, 40тай адамдан 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин алдап акча алган. Бул факт катталып, ал кармалып, ага “алдамчылык” беренеси менен айып тагылып, камалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ошондой эле ал мурда да “алдамчылык” фактысы боюнча кармалып, сот болуп, үй камагына чыгарылганы аныкталган.
Эгерде бул жарандан жабыр тарткандар болсо, анда 03222-6-27-57 номурга чалып, кабарлап коюну Ош ШИИБ суранат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ