Ноокат районундагы массалык бейбаштыкка байланыштуу алты адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 11-декабрда, саат 17:00 чамасында Ноокат районундагы Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде атчан адамдар бейбаштык кылып, жолдон өтүп бара жаткан машиналардын айнектерин талкалап, адамдардын денесине жаракат келтиргени тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Бул факт катталып, тергөө иши башталып, жаңжалдын себеби такталып, окуяга шектүү катары алты адам кармалып, камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы 48 сааттан ичинде каралат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ