Menu

Милиция кызматкерлерин жана кыргыздарды мазактаган кыз үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту милиция кызматкерлерине баш бербей, бейбаштыкка шектелген кызга карата баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Бишкек комендантынын басма сөз кызматы билдирди.

Соттук териштирүүнүн алкагында ал үй камагында болот.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда кыздын милиция кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө агрессивдүү жооп кайтарган, өзүн адепсиз көрсөтүп, милициянын талаптарына баш ийбеген видеосу пайда болгон.

Андан кийин коменданттын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын айтып берди. Ошентип, 11-апрелде, кечки саат беш жарымдар чамасында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери көчөлөрдү кайтарып турушкан. Анда Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде медициналык бет кап тагынбаган белгисиз кыз токтотулган.

“Бирок, ал өзүн адепсиз көрсөтүп, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбай, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин одоно бузуп, ал жерде милиция кызматкерине карата күч колдонгон”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталган.

Иликтөө иштеринин алкагында кармалган адамдын өздүгү аныкталган. Ал 1997-жылы туулган К.К. экени белгилүү болгон. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Октябрь райондук сотунун чечими менен 15 күнгө СИЗО-1 мекемесине камакка алынган болчу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: