Кыргызстанда дагы 4 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери баардыгы Бишкек шаарында чыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясы 221 медицина кызматкерлеринен аныкталды. Алардын ичинен 154 медкызматкер ооруканадан айыгып чыгарылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ