Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда сын айткан журналист Дайырбек Орунбековго кылмыш иши козголгон эле. Жыйынтыгында сот Орунбековду күнөөлүү деп таап, ири суммадагы айып пул салган. Бирок, Дайырбек мырза ал айыптоолорго макул болбой көшөрүп жүрүп чындыкка жетти. Сынган жок. Студент кезинде «ХИПИК» программасына каршы чыккан жүрөктүү жигит козголгон кылмыш ишти чымын чакканчалык көргөн жок. Учурда Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси катары эмгектенип келет. Аныгында министрликтин чоң түйшүгүн тартып, Кочкоровдун колуна кол, бутуна бут болуп чуркап жүргөн так ушул Орунбеков. Кеңешчилик кызматты эмес, министрдин орун басары кылсак да моюбай тартып кетчү жөндөмгө ээ Дайырбек мырзага ийгилик каалайбыз!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ