Бишкектин Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус, автобус жана эки жеңил машина сүзүшүп 10 киши жабыркады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кырсыктан автобустун алты жүргүнчүсү, троллейбустагы эки киши жана жеңил машинанын эки айдоочусу жабыркаган. Транспорттогулардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Жүргүнчүлөрдүн көбүнүн эти ооруп калган, бирөөсүнүн буту сынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ