Ушинтип 19-декабрда ЖКнын депутаты Наталья Никитенко коррупцияга каршы туруу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын, фискалдык жана башка маморгандарындын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын координациялык чогулушунда айтып чыкты.
Чогулуш “Ала-Арча” мамрезиденциясында өтүүдө.
Депутат айымдын айтымында, Бишкекте болуп өткөн митингдер нааразычылык көбөйө баштаганынан кабар берерин белгиледи.
“Чындап эле коррупция менен күрөшүү саясаты коомчулуктун купулуна толбой келет, алардын дооматтарына жооп берүү керек. Коомго сөзсүз жооп айтылышы кажет. Ал жоопто бардык коррупциялык иштер боюнча иликтөө сапаты, ачыктыгы элге түшүнүктүү болсун. Коррупция менен күрөшүүнүн эң мыкты каражаты – бул ачыктык жана ишеним арттыруу”, – деди депутат айым.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ