Menu

Жеңиш Разаков БУУнун координатору менен согуштук аймактардагы өлкө жарандарынын балдарын мекенге кайтаруу маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр БУУнун Кыргызстандагы түзүмдөрү менен кызматташуу натыйжалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

«Өкмөт жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргызстандагы БУУнун агенттигинин ишмердүүлүгүн жогору баалайт. Көрсөтүлгөн жардам үчүн, БУУ системасынын бир катар долбоорлорду жана экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жүзөгө ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Атап айтканда, жазаларды аткаруу системасынын 5 пилоттук мекемесинде тобокелчиликтерди баалоонун жана  соттолгондордун классификациясынын бирдиктүү системасы иштелип чыгып,  сыноодон өттү, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборун түзүүгө жардам берилди, аймактык кызматташууну күчтөндүрүүгө жана түзөтүү мекемелеринде радикалдашуунун алдын алуу маселелери боюнча тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүлдү.  Муну менен катар мыйзамдарды жана соттолгондордун арасында экстремисттик идеяларды жайылтуунун алдын алуу чөйрөсүндөгү саясатты жакшыртуу боюнча эксперттик колдоо көрсөтүлдү. Ошондой эле пробация системасында жана жаңы жазык-аткаруу кодекстеринин мыйзамдык актыларын иштеп чыгууга катышканыңыздарды белгилей кетүү керек», – деди Жеңиш Разаков.

БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташууга ыраазычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүк мамилени жогору баалай турганын белгиледи.

Жолугушууда терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү жагдайга байланыштуу маселелер, согуштук аймактардагы өлкө жарандарынын балдарын мекенге кайтаруу маселелери талкууланды.

Тараптар өз ара кызматташуунун келечегин талкуулап, жогоруда айтылган маселелер боюнча 2020-жылдын башында мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: