Парламенттик шайлоонун алдында Түркия Кыргызстанга 100 миң доллар бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга ылайык, бул акчага шайлоочуларды идентификациялоочу шаймандар, автоматтык урналар жана мониторлор сатылып алынат.
Муну менен бирге, 7-10-сентябрь күндөрү Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) жардамы менен Эл аралык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу долбоорунун алкагында, Кыргызстандын 21 милиция кызматкери үчүн шайлоо коопсуздугу боюнча тренингдер өткөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ