Menu

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Убактылуу өкмөттөгүлөр каалагандай калчагандай биздин республика алардын жеке фирмасы эмес, эми аларды бийликке жолотпош керек”

Бөлүшүү:

КРнын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты, «Аалам» саясий партиясынын тең төрагасы Жылдыз Жолдошева менен маек:

— Жылдыз Айтибаевна, укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен кайдан жүрүп чырылдашып атасыздар? “Фабула” гезитине чыккан макала араң турган отко май чачып жиберген жокпу?

— Мен ооруканада жатсам “Фабула” гезитинен Мирлан деген жигит телефон чалып, Кадыржан Батыровдун сүйлөгөн сөзүнө, жана анын жанында олтурган Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова жөнүндө сурап калды. Ошол жерден тамашалап “Фабула» мен жөнүндө такыр жакшы пикир жазбайт элеңер, анан мен айтпаган сөздөрдү жазып жибербегиле. Мен азыр ооруканада жатам. Үнүм жакшы чыкпайт. Мен өзүм комментарий алып койгула деп эч бир журналисттен суранбайм. Бирок, жашбы, тажрыйбасы барбы, жокпу журналисттер чыкса жок дебейм. Кыскача айтып берейин”-дегем. Болгон пикиримди айттым, анан оору менен алышып жатып унутуп дагы калыптырмын. Бүгүн гезиттер оргдон окуп алып таң калдым. Көрсө, журналист мен айтпаган сөздөрдү жазып коюптур. Бүгүн, “24 кж” маалымат агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, “Фабула” гезити аркылуу туура эмес маалымат кеткени жөнүндө дагы айтып өттүм.

— Журналисттер сизге эмне деп суроо узатышты эле, эсиңизде барбы?

— Журналист жигит мага укук коргоочу аялдар акча алып, Кадыржан Батыровду коргоп жатышабы?-деди. “Акча менен коргоп жатышабы, же укук коргоочу катары өз укуктары боюнча иш алып барып жатышабы, аны өздөрүнөн сурагыла. Укук коргоочубу, башкабы айтайын дегеним ар бир нерседе рамка болот, ошондон чыкпашы керек. Деги эле ар бирибизде улуттук намыс болушу зарыл. Алар чыныгы укук коргоочу болсо азап тарткан карапайым элдин, кыргызы же өзбеги болобу, ошолордун укуктарын коргошкондо, эл аларды туура түшүнүшмөк. Экинчи суроосу “Ош окуясында алар да, сиз дагы жүргөнсүз, ошондо эмне болду эле?”-дегендей. Мен азыр толук эсимде жок суроолору, бирок ушундай таризде берилген. Мен аларга Азиза менен Төлөйкан Ошто болушканда көргөнүмдү, Турсунбек Акун да алар менен жүргөнүн, кийин Турсунбек Акун ушул боюнча көп жазгандарын, ошондо биз айылдан жолугуп калып, менин үкөмдүн үйүнө барганыбызды, апам ошол үкөмдүкүндө болгондуктан конок болгондугубузду, ошондой эле алар биздин үйдө калышмак, бирок негедир кечинде кетип калышканын айтып жооп берген элем. Эл аларды кууду, жана башка жазылган сөздөр мен тарабынан айтылган эмес. Бул менин стилиме такыр туура келбейт. Анын үстүнө, биз элдик кишилербиз, андыктан эл өзү баа берсин, кимдин ким экенине. Мен “Фейсбуктан” Азиза Абдирасулованын жазгандарын окудум. Бирок жооп берген жокмун, себеби мен “Фабула” гезити туура эмес жазганын мойнуна алып, жаш журналисттин катасын өздөрү оңдоп коёт деп ишенем.

— Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү президенттик шайлоого катышпасын дептирсиз. Себеп?

— Мен өзүм апрель жана Ош окуясын иликтөө комиссиясынын төрагасынын орун басары катары иликтеп чыкканда, мен айткан чындык тилекке каршы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган эмес. Мына эми 5 жыл арадан өткөндөн соң, мен айткан чындыкты Текебаев менен Атамбаев бири-биринин айыбын ачып жатышып тастыктап коюшту. Андан жаман эл билбеген нерселердин баары суурулуп чыкты. Ошондуктан ырас апрель, июнь окуясынан кийин ушундай иштердин баары ачыкка чыгып жатса, алардын президенттикке талапкер болууга моралдык укугу жок. Ошондой эле убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө баардыгына тең юридикалык баа берилип, кимиси ак болсо акталып, кимиси күнөөлүү болсо жазаланышы зарыл. Мындай сөздү эмне үчүн айтканымды эл түшүндү болуш керек. Кыргызстан деген өлкө эгемендүү мамлекет, убактылуу өкмөттөгүлөр каалагандай калчагандай биздин республика алардын жеке фирмасы эмес.

— Конституцияны өзгөртүүнү колдойсузбу?

— Чынын айтканда Конституция өзгөртүлүшү зарыл. Негизи Баш мыйзамыбызда жакшы жактары да, карама каршылыктары дагы көп. Бирок биз мыйзам чегинде иштегенди үйрөнүшүбүз керек. Конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деп жазылып турат. Бул деген мыйзамдуу норма. Мыйзамдуу норманы сактап, шашпастан, атайын комиссия түзүп, 2020-жылга чейин көп талкууга алып, көп маселелерди чечип анан өзгөртсө болот. Бирок азыр эмес. Мен Конституциянын өзгөрүлүшүнө каршы эмесмин, бирок азыркыдай вариантта алып чыгуусуна таптакыр каршымын.

— Өзгөрүлсө кантип өзгөрүлүшү керек?

— “Аалам” партиясы, биз мурдатан эле өз талаптарыбызды айтып келе жатабыз. Биз депутаттардын санын, 120 дан 60ка кыскарсын, депутаттардын кол тийбестиги такыр алынып салынышы керектигин, бир инсан бир эле жолу депутат болушу керектигин. Ошондой эле өлкөбүздүн башкаруу багытын бир жолго салышыбыз керек. Президенттик-парламенттикпи, же премьерликпи, же президенттикпи, тактап албасак болбойт. Каалаган убагында кайсы бийлик келбесин өзгөртө берсе анда биз Конституциянын баркын эмес, мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн. Баш мыйзам кыргыз элинин менталитетине айкалыштырып туруп кабыл алынбаса улам бир кемчилиги табыла берет. Кыргыз элинин каада-салтын, басып өткөн жолун карап туруп өзгөртсөк туура болмок. Эч качан кыргыз эли акыйкатсыздыкты көтөрө албайт. Ошондуктан баардык нерсе мыйзам ченемдүү болгону дурус. Кыргыздар илгери эле Конституциясы жок жашап жүргөндө жазылбаган мыйзамдары менен жашап келген. Үч-төрт киши олтуруп алып Конституцияны өзгөртөм дегени такыр туура эмес. Талкуу кенен жүрүп, элдин пикири менен эсептешип, анан 2020-жылы алып чыкса, ошондо мыйзамдуу болмок.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: