Menu

Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы акыркы президенттик шайлоо таза, шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык өткөнүн белгиледи. «Шайлоо системасы жылдан-жылга жакшырып жатканына карабастан, дагы деле добуштарды сатып алуу, шайлоо процессине акчанын таасири, жалган маалымат таратуунун күчөшү сыяктуу терс көрүнүштөр сакталууда. Бул көрүнүштөр шайлоочулардын көз карандысыз тандоосуна таасир этүүдө», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу ал шайлоо учурунда бардык талапкерлер үчүн каражатына карабастан бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында шайлоонун мыйзамдарын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы учурдагы шайлоо системасынын маселелерин ар тараптуу талкуудан өткөрүп, коомдук жана парламенттик талкууну эсепке алуу менен мындан ары реформалоо зарылдыгын белгиледи.

БШКнын төрайымы Мамлекет башчысына шайлоо реформасынын өткөн баскычын талдоо боюнча БШКнын иштери, парламентке сунушталчу мыйзамдарды иштеп чыгуу жана КР БШКнын караштуу Жарандык билим берүү борборун түзүү аркылуу жарандык билим  берүү системасын киргизүү тууралуу маалымат берди.

Нуржан Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарындагы кемчиликтерди талдоонун натыйжасында бир катар сунуштар иштелип чыккандыгын, анын ичинде талапкерлердин жана партиялардын каржылоосу ачык болушуна, үгүт иштерин жүргүзүүнү тактоого тиешелүү маселелер дагы  бар экендигин баса  белгиледи.

Мындан тышкары, анын айтымында шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында добуштарды сатып алууга жана жалган маалымат таратууга каршы натыйжалуу аракеттенүү максатында административдик жана кылмыш жоопкерчилик боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр  сунушталууда.

Ошондой эле БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен 2018-жылдын 28-январына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата даярдыктын жүрүшү боюнча маалымдады.

Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоолор бир нече ирет үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу, жергиликтүү кеңештерге жана мэрликке, айыл өкмөтүнүн башчы кызматына талапкерлигин койгон депутаттарга карата талаптарды тактоо, ошондой эле муниципалдык башкарууну жакшыртуу максатында талапкерлер жана шайлоочулар менен маалымдоо  жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маселелерди чечүү зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушчу тобун жаңылоо боюнча Жарлык даярдалгандыгын  жана анын алкагында шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу  боюнча, Кыргыз Республикасынын  шайлоо системасын мындан ары реформалоо   жана өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору боюнча сунуштарды киргизүү керектигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: