Menu

Атамбаев: ЕАЭБге ишенип болбой калды

Бөлүшүү:

Өкмөт Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны башка өлкөлөргө алып чыгуунун жолдорун издеп, сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өкмөтүнө ушундай тапшырма бере турганын бүгүн Ак үйдө чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга токтолуп мамлекет башчы Кыргызстан ЕАЭБге киргенде андан көптү үмүт кылып алганын, эми бул уюмга ишенип болбой калганын айтты. Келечекте Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берерин, бирок ЕАЭБ бир кишиден көз каранды уюм болбошу керектигин айтты.

Алмазбек Атамбаев кыргызстандык дыйкан-фермерлердин чек арадан Казакстанга өтө албай турган азыктарына байланыштуу тез арада Өзбекстан жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү баштоо керектигин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: