Menu

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Конституциянын түп нускасын Шыкмаматовдон издеш керек”

Бөлүшүү:

— Токтайым эже, Текебаев Конституциянын долбоорун алмаштырып койгон деп сотко чуркап, күйүп-бышып жүрдүңүз эле. Азыр Текебаевдин командасы сиздин кагаздарыңызды аргумент кылып көтөрүп жатканын көрүп мыйыгыңыздан күлүп жылмайып олтурасызбы?

— Мен 2014-жылы Конституциянын долбоору алмашылып калган деп Жогорку Сотко чейин баргам. Жогорку Сот Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деп чечим чыгарып берген. Текебаевдин командасынан Шыкмаматов ошол чечимди азыр көтөрүп чыгып, коомчулуктун көңүлүн ага оодарганы Конституциянын тексттерин алмаштыруу боюнча болгон иштерди жашырууга көргөн аракетинин белгиси болду. Эки жыл соттошуп жүргөм. Соттор, Конституциялык палата чыгарган эки чечим бар. Муну алар билишкен. Анткени, документтердин баарын өзүмдүн каттарым менен фракциянын лидерлерине, президентке жөнөткөм. Конституциялык палата туура эмес чечим кабыл алды деп ачык жарыялагам. Ошол чечимди кабыл алган Мамыров деген мырза “Конституциянын түп нускасы кайда?” дегенге жооп бере турган адамдардын бири. Соттошуп жүргөн учурумда Текебаевдин командасына мендеги чечим кызык эмес болчу. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн мен алты жыл издеп тапкан материалдарды колдонуп жатышат. Илгери эле Конституциянын баштапкы нускалары жок болсо азыр эмнени өзгөртөбүз деп айткам. Азыркы Конституция алмашылып калганын эбак көтөргөм.

— Конституциянын түп нускасы жоголду деп жатышпайбы. Азыркы Конституциянын түп нускасы болгонбу?

— Мен өзүм иликтөөнүн негизинде Конституциянын алты вариантын көрдүм. Ошонун кайсынысын түп нуска кылып аларыбызга прокуратуранын иликтөөсү жүрүп, парламент жооп бериш керек.

— Буга чейин Конституциянын текстин Текебаев алмаштырып койгон деп жүрдүңүз эле. Бул жолу президенттин партиясы Баш мыйзамдын түп нускасы жоголгонун айтып чыгышпадыбы?

— Конституциялык кеңешме иштеп, даярдап берген тексттин баарын меморандум менен кол коюп, Текебаевге бергенбиз. Биз кол койгон меморандумду эки экземпляр кылганбыз. Өмүрбек Текебаев ошол эки экземпляр кайда экенин таап бериши керек. Ошол экземплярга кайсыл Конституцияны тиркегенин айтсын да. Эмнегедир муну эч кимдин уккусу жок. Элдин баары эле чуру-чуу түшүп, чаң чыгып жатат деп калышты. Ошол чаңдын артында кандай иш жатканын билиши керек. Мен сотто көргөн Конституциянын эки түп нускасына жоопкер Шыкмаматовдун өзү. Ошол эки түп нусканы сотто караган учурубузда Шыкмаматов Адилет министрлигин таштап кетип жатат да, мага бизде нускалар жок болчу деген жалган кат келип жатат. Сотто карап жатканыбызда нускаларды көчүрүп алалы дегенде, Шыкмаматовдун тапшырмасы менен көчүртпөй койгон.

— Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү кол коюп, андан кийин референдумга чыккан текст болушу керек эле да?

— Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн колу коюлган түп нускаларды сотко Адилет министрлигинин өкүлү Ызакова Сайра деген кыз алып келип көрсөткөн. Көчүрүп алууга Шыкмаматов уруксат бербеди дегенинен айткан сөздөрүнүн бүт баарын протоколго жазып койгонбуз. Ал протоколдун көчүрмөсүн колума алып алгам.

— Түп нусканын жоголушун атамекенчилерден териштириш керек дегени турасызбы?

— Шыкмаматов Адилет министрлигинен кетип жатканда баягы түп нускалардын баарын жоготтурушу мүмкүн. Аны прокуратура текшерсе, жөн эле таап чыкса болот.

— Буга чейин Текебаев Конституцияны алмаштырып койгон деп жар салып жүрбөдүңүз беле?

— Убактылуу Өкмөттүн декрети менен бекитилип, референдумга чыккан нуска менен референдумдан кийинки нуска биринчиси менен дал келбей жатат. Бул тексттерди алмаштыруу болгонуна бир мисал. Текебаев Конституциялык кеңешменин төрагасы, Данияр Нарымбаев өкүлү болчу, Салянова ошолордун командасында болуп катчылыгында иштечү. Биз Конституциялык кеңешмеден 5–6 адамды катчылыкта болуп, жардам берсин деп Текебаев, Нарымбаев, Маморовдорго кошкон адамдардын бири болгон. Ошондуктан, Салянова “Мага түп нусканы бербейсиңерби, мен кайсыдан көчүрөм?” деп айтышы керек болчу. Андай суроо бербейт, маселе көтөрбөйт дагы, өзүнүн колу менен элге долбоорду тарката баштайт. Долбоорду таркатканга акысы жок болчу. Бүгүн мен жооп бербейм деп жатат. Министрликке көчүрмөлөрү берилип жатпайбы. Салянова министр катары эмне үчүн карабайт? Конституциянын түп нускасын тапкысы келсе прокуратура иштеши керек. Чын эле тапкысы келсе мен жолун көргөзүп бергенге даярмын.

— Түп нускасын президенттик аппараттанбы же Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон Текебаевден издеш керекпи?

— Конституциянын түп нускасын Шыкмаматовдон издеш керек. Моралдык жоопкерчилик Текебаевдин мойнунда калат.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: