Menu

Рыскелди Момбековдун “Фабула” гезитин ырчы Айбек Карымов сатып алды

Бөлүшүү:

Урматтуу окурман!

Бүгүн көптөн көп күттүргөн «Фабула пресс» гезити кайрадан жарык көрүп отурат. Дээрлик 10 жылдын айланасында мамлекетибиздин саясий-экономикалык, маданий-социалдык ургалдуу турмушун, элибиздин жашоо образынын күүсүн үзбөй чагылдырып, маалымат айдыңында чындык үчүн күрөшкөн басылмалардын көч башында турду. Бийликтин артыкчылык-кемчиликтерин тайманбай калыс, так айтып, коомчулуктун көңүлүнөн түнөк тапты. Сөз эркиндигине, демократияга чоң салым кошту. Эми да чындык, акыйкаттыкты туу тутуп, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн элге маалымат айдыңында ак эмгек кылалы деген аруу тилектебиз.

Калкты такталган, туура, калыс маалымат менен камсыз кылууда өзгөчө орду, салмагы бар «Фабула пресс» гезитинин ортодо 3 ай чыкпай калганы коомчулукту бушайманга салды. Эмне себептен чыкпай калганын ийне-жибине чейин тактап, такып сурагандар арбын болду. Гезиттин финансылык абалы оорлошуп жабылды деген сөздөр айтылды. Жок, андай эмес эле, бийликтин басымы, кысымы күч болуп жабылыптыр дегендер чыкты.

Ырасында, гезиттин жабылышынын объективдүү себептери бар. Гезит ээси Рыскелди Момбековго сын уккан чиновниктер тарабынан ар кандай даттануулар, ыйлактоолор байма-бай түшүп, гезиттин позициясын олку-солкылды. Албетте, Рыскелди Момбеков гезиттин редакциялык саясатына аралашпаса дагы, көпчүлүк аткаминерлер жарык көргөн сын материалдар үчүн гезит ээсине арызданып барышканын токтотушпады. Натыйжада, эл өкүлү “сенин гезитиң минтип жазып салды, тигинтип жазып салды” деп ыйлактап, көздөрүн жашылданткан тааныш-билиштерди кыя албай же сөз эркиндигин туу туткан көз караштагы инсан катары чыгармачыл жамаатты тизгиндегенге дити барбай ортодо чайналды. Акыры ач кулактан тынч кулак деп гезитти жапканга туура келди. Натыйжада, гезиттин жабылганына тынчсызданып жан тартып кабатырлангандар көп болду. Албетте, табалап ичтен сүйүнгөндөрдү да жолуктурдук.

Айтор, «Фабуланын» жабылышы элди кайдыгер, көңүл кош калтырган жок. Эки тарапты тең анализдеп көрүп, элдин сүйүп окуган басылмасына айланган куттуу гезитти  чымга бастыргандай жөн салды жаап коюу мүмкүн эмес эле. Андыктан гезит жабылгандан кийин сатып алабыз деп куда түшкөндөр көп болду. Айрымдары менен көз карашыбыз дал келбесе, кээ бирлеринин койгон талабы туура келбей, акжолтой гезиттин атын булгап алабайлы деген маселе биринчи орунда турду. Акыры “көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, акжолтой гезитти Кыргыз Републикасынын эмгек сиңирген артисти Айбек Карымов сатып алды. Акжолтой дегенибиз, «Фабула» гезитинде иштегендердин алды Жогорку Кеңештин бакандай депутаттары болушту, арты өз алдынча чыйыр жол табышты.

Тактап айтканда, гезитти түптөп, аброюн арттырган Рыскелди Момбеков учурда чындыкты көзгө сайып айткан Жогорку Кеңештеги көзгө басар депутат. Дагы бир Жогоку Кеңештин депутаты мыкты журналист Жылдыз Мусабекова да «Фабуланын» кадырын калыңдаткан редактор болгон. Андан кийинки редактор Эрнис Балбаков 90 жылдан ашык тарыхы бар «Кыргыз Туусунун» башкы редактору болуп иштеп жатат. Калың эл макаласын баса калып окуган Баратбай Аракеев аксакалыбыз «Багыт» гезитинин локомотиви болуп иштөөдө. Айбек Шамшыкеев «Чагылган» аттуу сайт ачып, өзү кожо, өзү бий болуп турган чагы. Мирлан Алымбаев Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин гезитинин башкы редактору болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. «Фабуланын» акыркы жылдардагы редакгору Тилек Рыскулов “Түндүкэлектро” ишканасында маалымат кызматында эмгектенип, ошондой эле өз алдынча «Факты.kg» гезитин иштетип жатат. Кыскасы, “Фабулада” иштегендер жерде калган жок. Баарынын коомдо салмактуу орундары бар.

Ошентип маалымат казанында чындык үчүн кайнап, башкалардан өзгөчө стили менен айырмаланган куттуу гезитти “Фабуланын” эски-жаңы жамааты жаңы дем, жаңы чыгармачылык эргүү менен “Чындык – бул жакшылыкка умтулуу”  деген улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун учкул сөзүн ураан кылып, кыска мөөнөттөгү тыныгуудан кийинки алгачкы санын ак жол каалап сиздерге тартуулап отурабыз.

Биз менен болуңуздар, кайдыгер калбайсыздар урматтуу окурман!

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: