Menu

Ашхабаддагы курулуштарда жумушчулардын эмгек шарттары начарлады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын бийлиги менен мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөдө өнүгүүгө багытталган кеңири масштабдагы курулуш өнөктүгү жүрүп жатканын кабарлашууда. Расмий маалыматтар боюнча, ага 43 миллион доллар бөлүнгөн. Анткен менен акыркы жылдарда курулушта иштеген жумушчулардын эмгек шарты кыйла начарлап кеткени айтылууда.

“Биз Ашхабаддын түндүк-батышында «Жаңы доор» деп аталган турак-жай комплексин куруп жатабыз. Акыркы жылдары эмгек шарттары бир топ начарлап, кулга айланып калдык десек болот. Мурдагыдай түшкү тамак берилбей калды. Айлыктар да толук төлөнбөйт. Болгону аткарган иштер үчүн гана акча берилерин убадалап жатышат”, – деди аталган курулушта иштеген жумушчулардын бири.

Анын айтымында, өткөн жыл ичинде эмгек акы өлчөмү үч эсеге азайган, бирок өлкөдө башка жумуш табуу кыйын болгондуктан, курулушчулардын көбү иштерин улантууга мажбур болушууда.

Аны менен катар айлыктын азайышына жана убагында берилбегенине байланыштуу Ашхабадга аймактардан келип иштеген жумушчулар ижарага батир алуу мүмкүндүгүнөн ажырап, курулуп бүтө элек объектилерде жашоого аргасыз болушууда. «Түнкүсүн аябай эле суук болот. Дээрлик ар бирибиздин бөйрөгүбүзгө же өпкөбүзгө суук тийген», — деди дагы бир жумушчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: