Menu

Бишкек ЖЭБи боюнча сот: жактоочулар чебелектеп жатышат

Бөлүшүү:

2-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, САвазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишин кароо улантылды.

Сот дале жарыш сөздөрдү угууда.

Сапар Исаковдун кызыкчылыгын жактаган Нурбек Токтакунов тергөө жүрүшүндө кишини сатып алуу, кылмыш жолу менен табылган акча, мүлк, активдерди алуу, банк эсептери, офшорлор жана башка фактылар табылган эмес.

“10-том, 98-барак – УКМКнын тергөө органдары Антикоррупциялык кызматка материалдык байыгандарын тапкыла деп жатат.10-том, 99-барак – бул ишке финчалгындоону кошушкан, бирок алар да иште айыпталып жаткандардын байып кеткени боюнча маалымат беришкен эмес”, – деди жактоочу.

Анын айтымында кылмыш кодексинде өзүнчө “Коррупция” деген берене бар, анда укуктук практика көрсөткөндөй, конкреттүү коррупциялык кылмыштарда конкреттүү далил жок болгондо каралат. “Бул берене саясый куугунтукка алуу үчүн идеалдуу механизм болуп жатат. Бул саясый куугунтук механизминин бир буроосу – кылмыштын максатын аныктоо, анда материалдык байлык гана эмес, башка дагы артыкчылыктар келтирилет”, – деди жактооочу.

“Ошол башка артыкчылыктарга мансап көздөө, мамлекет  башчысына кошомат кылуу, анын камкордугун алуу сыяктуу кинелер кирип жатат. Сапар Исаковго  ушундай айып коюлду, – деп Н.Токтакунов суроону мындайча койду – Кошомат менен аракетти, жоопкерчиликти кантип айырмалай аласыңар? Мансапка умтулуу кылмыш болуп калабы?”

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: