Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков: «Кыргызстандын Өкмөтү жана ИӨБ тыгыз кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджар менен жолукту.

Өкмөт башчы Кыргызстан ИӨБ менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 10-15 жылга белгиленген узак мөөнөттү кызматташтык долбоорго кол коюу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле ИӨБ тарабынан иш-чаралар планын даярдаган эки тараптын эксперттеринин деңгээлинде «Таза Коом» программасынын алкагында өлкөнүн санариптик трансформацияланышына методологиялык жана финансылык көмөк көрсөтүү боюнча макулдашуу болду.

Премьер-министр бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри башында турган жумушчу топ жөнөтүлөөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Сапар Исаков бул долбоорлор Өкмөттүн кыска мөөнөттү жана орто мөөнөттү келечегинде артыкчылыктуу маселелеринин бири болуп саналат деп белгиледи.
Андан тышкары ал өлкөнү өнүктүрүү үчүн андан кем эмес маанилүү делген саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду белгилеп кетти.

Жолугушунун жыйынтыгында Өкмөт башчы Сапар Исаков ИӨБнын президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджарды 2018-жылы сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: