Menu

Де Мистура: Хомстогу жардыруу — тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоол жасоо аракети

Бөлүшүү:

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура жанкечтилердин Хомс шаарындагы жардырууларын Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жасоо аракети катары сыпаттады. Ал кол салуу сүйлөшүүлөргө таасир этпейт деген үмүтүн билдирди

Ишембиде алты кишиден турган жанкечтилер тобу Улуттук коопсуздук жана Аскердик чалгындоо кызматтарынын Хомстогу имараттарынын алдында жардыруу уюштуруп, 40тан ашык киши мерт кеткен. Теракт үчүн жоопкерчиликти «Фронт ан-Нусра» тобу өзүнө алган.

Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору жардыруудан кийин анда куралдуу кагылышуулар болуп, шаар борбору курчоого алынганын билдирди. Окуядан кийин Сирия армиясы көтөрүлүшчүлөрдүн Хомстогу позицияларына аба соккуларын жасады.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: