КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдагандай, УКМКнын Икрамжан Илмиянов тергөө менен активдүү кызматташа баштады деген билдирүүсү – бул чагым.
“Ушундай эле сөздөрдү мен мурунку премьер министр Сапар Исаков жана Энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев жөнүндө айта алам. Алар өз күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок жана тергөө менен кызматташышкан эмес”, – деп белгиледи Жолдубаева.
Ушул жуманын башында УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча камакка алынган Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматаашууда деген билдирүүнү тараткан.
Икрамжан Илмияновго 2017-жылы “Дизель комплект” ишканасына салык төлөбөгөндүгү үчүн козголгон кылмыш ишин жаап берүү кызматы үчүн алардан демөөрчүлүк деп 150 миң доллар пара алган деген айып тагылган.
Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында 28-ноябрга чейин камалган. Ага “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал Россиянын Казан шаарында кармалган, андан соң Кыргызстанга экстрадицияланган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ