Режиссер Тынчтык Абылкасымовдун “Чек арада” тасмасы “АРТКИНО” 12-Бүткүл россиялык авторлордун кыска метраждуу фильмдер фестивалында “20 мүнөткө чейинки мыкты көркөм фильм” номинациясынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-сентябрда “Кыргызфильм” киностудиясы Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасына жарыялады
Алардын айтымында, фестивалдын миссиясы – автордук кинону жандандыруу.
“Сценарийдин автору Искандар Усманов режиссердун сыйлыгын алды. Фильм эки коңшу мамлекеттин чек арачыларынын туткуну болгон карыянын жашоосу жөнүндө. Картинанын жанры – социалдык драма” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ