Menu

Казакстан картөшкөлөрүбүздү артка кайтара баштады

Бөлүшүү:

Казакстан соңку бир айда Кыргызстандан экспорттолгон 330 086 тонна айыл-чарба продукцияларын тийиштүү талаптарга дал келбейт деп, артка кайтарды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл-чарба министрлиги жергиликтүү медиага билдирген.

Маалыматка караганда, 4-июлдан августка чейин Кыргызстандан барган азык-түлүктөрдүн 143 миң тоннага жакынында фитосанитардык эрежелер сакталган эмес. Башка азыктарда да тийиштүү сертификаттар жок экени айтылууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария боюнча инспекциясы бул маселенин үстүндө иш жүрүп жатканын кабарлады. Алдын ала маалыматтарга караганда, коңшу өлкөдөн кайткан азык-түлүктөрдү дыйкандар тийиштүү эрежелерди аткарбай, өз алдынча сатууга алып барган болушу мүмкүн.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 4-майда Кыргызстандан картөшкө алып кирүүгө убактылуу тыюу салып, аны бир айдан кийин жойгон. Казак тарап өз чечимин Кыргызстандан кирген картөшкөдө илдет табылганы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: