Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев экс-президент Алмазбек Атамбаевге барат. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда ал өзү маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал эртең, 25-декабрда тергөө абагында Алмазбек Атамбаевге барат, балким, аны жакшы шарттарга которушат.
«Мен Алмазбек Атамбаев жана анын башка кылмыш иштерине катыштыгы жөнүндө эч нерсе айта албайм. Эртең ага жолугууга ниеттенип жатам. Чынын айтканда, Атамбаевдин ден-соолугу анчалык деле жакшы эмес. Эгер эртең ушундай болсо, мен аны оорукана бөлүмүнө которууга даярмын», – деди Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, быйыл жайында Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Туугандары жана жактоочулары анын кан басымы төмөн экенин ушул убакка чейин айтып келишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ