Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалды. Кызык жагдай, 2011-жылы Бакиевдин «реваншисттери» баш көтөргөн окуяда так ушул Айтмамат Кадырбаев ошол кездеги Ош облусунун жетекчиси, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду иш ордунан кууп чыккан жайы бар. Анан бул эргул Жээнбеков былтыр президенттикке анттанганда үстүнө тон жаап, астына ат тартып алдына түшкөн. Бирок президент 2011-жылдагы окуяны эсинен чыгарбаганы, ичик жапканына ичи жылып кетпегени билинди. Ошол себептен, Кадырбаевди кызматынан төмөндөттү. Ушинтип отуруп акырындык менен саясий аренадан сүрүп чыгарат өңдөнөт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ