Жогорку Кеңештин СДПК фракциясында жөн эле отурган депутаттар көп. Башка фракциялар деле кем калышпайт, бирок СДПК президенттин тиреги болуп жаткандан кийин жипке тизген шурудай болушу керек эле. Тилекке каршы эки ооз сөздү кошуп сүйлөй албаган адамдар иштин көзүн билбей жатышат. Бул кебетелери менен президентке тирек деле болуп бере алышпайт го. Эгер буларда бет болсо өздөрү эле мандаттарын тапшырып кетип калышса деле болот. Артта билимдүү адамдар кезекте турушат. Ошолорго жол бошотушсун да. Элге же эрге пайдасы тийбегендер отурат чынында.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ