Кыргызстандык туроператорлор Түркияда өтүп жаткан 11-эл аралык Travel Turkey Izmir 2017 Tourism Fair and Congress аттуу эл аралык көргөзмөсүндө алгачкы жолу катышышты. Бул туурасында ЮСАИД кызматкерлери маалымдашты.
5 туроператор, алардын ичинде Кербен Трэвел, Трэвел Бюро, ITMC, Табият Тур, Дархан Тур жана Ош менен Ысык-Көлдүн тескей жээги дестинацияларынын мүчөлөрүнүн аталган иш чарада катышуусун Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси колдоп берди. 7 декабрдан 11-не чейин улана турган иш чарада катышкан туроператорлор сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзө баштады.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө туроператорлор Speed Networking сессияларында катышып, көбүрөөк чет элдик кардарлар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш чаранын алгачкы күнүндө Кыргыз боз үйү, комузчулар жана улуттук тамак аш көргөзмөнүн эл аралык катышуучулардын көңүлүн тартты. Эртең Кыргызстандын өкүлдөрү өлкөнүн презентациясын сунуштап, анда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективасын катышуучулардын назарына тартуулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ