Menu

Казакстанда сот кенчилерди «иш таштоону токтотууга» милдеттендирди

Бөлүшүү:

14-декабрда Шахтинск шаардык соту Караганда облусундагы төрт шахтанын жумушчуларынын «иш таштоосун токтотуу тууралуу» «АрселорМиттал Темиртау» (АМТ) компаниясынын өтүнүчүн канааттандырды.

Соттун чечиминде иштин бардык тараптарына отурум качан жана кайсыл жерде болору тууралуу кабар берилгендиги жана алардын айрымдарынын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук болбой турганы жазылган. Доочунун жүйөлөрүн уккан соң сот АМТ компаниясынын кенчилердин төрт шахтадагы иш таштоосун токтотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Соттун пикиринде, мындай чечим адамдардын өмүрү менен ден соолугуна жаралчу түздөн-түз коркунучтардын алдын алуу максатында кабыл алынды. «Сот иш таштоону мыйзамсыз деп табуу тууралуу доомат каралганга чейин өтүнүчтү канааттандырып, иш таштоону токтотуу зарыл деп эсептейт», – деп жазылган соттун чечиминде. Бул кенчилерди шахталардан сыртка чыгып, иш таштоону токтотууга милдеттендирет.

11-декабрда жүздөгөн жумушчулар (кенчилердин айтымдарында, 700дөн ашык) айлыктарды жогорулатууну, пенсияга 50 жаштан чыгарууну жана быйыл 13-айлык төлөп берүү сыяктуу бир топ талаптарды айтышып, шахтадан сыртка чыгуудан баш тартышкан.

Кечээ шахталарга ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы кенчилердин иш таштоосун мыйзамсыз деп табуу талабы менен Караганда облусунун бир нече сотуна арыз менен кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: