Ростов облусундагы “Кингкоул” компаниясынын шахтерлору ачкачылык жарыялашты. Алар өткөн жылдын май айынан берки маяналарын төлөп берүүнү талап кылышууда.
РИА Новости кабарлагандай, карыз 300 миллион рублдан ашып кеткен. Ачкачылыкка 60 кенчи катышууда, бирок аласаларын 100дөн ашуун адам күтүп жатат.
Банкротко учураган “Кингкоул” компаниясынын курамына төрт шахта кирчү, эми алардын иши токтоду. Компаниянын башкы директору Владимир Пожидаев 12-августтан бери көп айдан берки айлыкты төлөбөгөндүгү үчүн камакта отурат.
Банкрот жөнүндөгү мыйзамга ылайык, компаниянын мүлкү сатылгандан кийин төлөмдөр жүргүзүлүшү керек.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ