Menu

Жергиликтүү соттор үчүн Европа биримдиги тарабынан тренингдер өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева менен Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралы Жогорку соттун басма сөз кызматы баяндады.

Жолугушууда Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун негизги эксперти Кристоф Копецки ушул жылдын февраль айынын 13нөн 17не чейин Бишкек жана Ошто өткөн Кыргыз Республикасынын I-инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу шайланган төрагалары үчүн пилоттук тренингдер тууралуу кеңири айтып берди. Бул тренингдерге жергиликтүү соттордун 32 төрагасы катышкан. Тренинг соттун ишин уюштуруу, бюджет түзүү, соттордун, судьялар менен сот кызматкерлеринин коопсуздугу, соттук приставдын ролу, эмгек тартиби жана тартип жоопкерчилиги, тартипке салуу чаралары, жетекчиликтин стили, иш кагаздарын жүргүзүү, архив, персонал менен иштөө, коммуникация, стресске туруктуу болуу, ЖМК өкүлдөрү менен байланыш жана башка суроолордун үстүндө өткөн.

К. Копецки мырзанын айтымында бул окутуу жергиликтүү соттордун төрагалары тарабынан өтө катуу талкуу менен өткөн жана аларга өтө керек болгон актуалдуулугу жогору окутуу болду.

А. Базаралиева мындай окутуу Жогорку сотко да өткөрүлсө жакшы болоорун белгиледи жана мындан ары да бул окутуунун кеңири формасы бардык судьяларга окутулуусу талкууланып, макулдашылды.

Бүгүнкү жолугушууга Европа Биримдигинин долбоорунан эл аралык эскперттер, Германиянын отставкадагы судьялары Доктор Хельмут Палдэ жана Манфред Верт да катышты. Булар жогоруда өткөрүлгөн окутууда эл аралык тажрыйбасы көп эксперт-тренер катары катышкан.

Ошондой эле, бүгүнкү жолугушууга Жогорку соттон Жогорку соттун судьясы А. Давлетов, Жогорку сотко караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин бөлүм башчысы К. Кушназарова жана башкалар катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: