Экономика министринин орун басары Сазбаков Алмаз “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталышындагы эл аралык форумда өкмөткө карата сын айткандарды былжырайсыңар дегендей эле жооп кайтарды. Анын айтымында, 2016-жылы жалпы экспорт 5,1 %га өсүп, 1 млрд. 544 млн. долларды түзгөн. Импорт 3,7% азайган. Ал эми ЕАЭБ мамлекеттерине болгон экспорт өткөң жылдын 12 айында 4,3 % өскөн, импорт 21,1 пайызга төмөндөгөн. Буга байланыштуу Сазбаков: “2016-жылдын натыйжасында экспорттун көлөмү 66,7 млн. доллар болгон, 2015-жылы экспорт 44,5 млн доллар эле болчу. Экспортту жогорулатууну карап жатабыз. Лабораториялар сапат үчүн керек болгон кичинекей эле бир бөлүк, ансыз экспорт жүрбөй калат деген туура эмес. Экспорттолгон товарларга эмес, импортголгон товарлар үчүн лаборатория куруубуз керек”, – деп күпүлдөдү.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ