Menu

Казакстанда Орусияга бараткан өзбек жарандары куткарылды

Бөлүшүү:

Казакстандын полиция кызматкерлери Самара-Шымкент унаа жолунда Өзбекстандын 50гө жакын жаранын куткарып калышты. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер департаментинин Актөбө облустук башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«15-декабрда Самара-Шымкент унаа жолунун Иргиз кыштагына жакын бөлүгүндө Өзбекстандан Орусияга бараткан автобус бузулуп калган. Анда жүргүнчүлөрдүн көбү жабыркап калышы мүмкүн болчу, анткени талаада катуу шамал болуп, абанын температурасы 23 градус суук болуп жаткан», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ички иштер департаментинин маалыматына ылайык, автобустун ичинде Орусияга иштегени бараткан 48 өзбек жараны болгон. Ал жерге барган полициячылар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасын чакырып, жүргүнчүлөрдү трассадагы жылынуу бөлүмүнө жеткиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: