Menu

ФСБ укук коргоочу Бахром Хамроевди кармады

Бөлүшүү:

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 29-сентябрь эртең менен “Мемориал” укук коргоо борборунун активисти, “Жардам” уюмунун жетекчиси Бахром Хамроевди  өз үйүнөн кармап кетти. Бул туурасында анын жубайы билдирди.

«Мемориал» жана «Жарандык көмөктөшүү» уюмдары атайын кызматтан Хамроевдин кармалышынын себептерин ачыкка чыгаруунун талап кылышууда. Бүгүн эртең менен болсо ФСБ укук коргоочуну бошоткону белгилүү болду. Бирок Москвадагы булактар кабарлагандай, Орусиянын атайын кызматы Хамроевдин жеке компьютерин, адабий китепттерин жана башка документтерин берише элек.

“Жарандык көмөктөшүү” уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкинанын айтымында, Бахром Хамроевди эмне себептен кармашканы али белгисиз.

– ФСБ кызматкерлери тинтүүнүн себептерин түшүндүрүшкөн жок. Алар андан: “Эмне үчүн сиз “Хизб-ут-Тахрирдин” кызыкчылыгын коргойсуз?” деп сурашкан. Ал мага ушуну айтып берип атканда эле биздин телефондук сүйлөшүүбүз үзгүлтүккө учурап калды. Ага байланышууга аракет кылганым менен жыйынтык чыккан жок , –деди Светлана Ганнушкина.

Бахром Хамроев Орусияда укук коргоочулук иш менен 1992-жылдан бери алектенет. Акыркы мезгилдерде ал ислам радикализми жана башка диний мүнөздөгү кылмыштарга айыпталган адамдардн укугун коргоо менен алектенген. Мындан тышкары ал Орусияга Борбор Азиядан келген эмгек мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүдө кол кабыш кылчу.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: