Menu

Камчыбек Жолдошбаев: “Мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга 55 миң сом айып пул салуу менен коррупциялык схемаларга шарт түзүлүп жатат”

Бөлүшүү:

“Урматтуу баяндамачы (Марлен Маматалиев), сиз мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга 100 миң сом айып пулду 55 миңге төмөндөттүк деп айтып жатасыз. Сиз бул мыйзам долбоору менен жүк тартуу жайларындагы коррупциялык схемаларга гана шарт түзүп берип жатасыз” – деп билдирди бүгүн, 2-июнда депутат Камчыбек Жолдошбаев ЖКнын Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйында.

“Күз башталганда эле Кеминге келе жаткан жолдо Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулар келет. Карасаң, 20-30 унаа тизилип турган болот. Бир сааттын ичинде кандайдыр бир жол менен автоматташтырылган таразага түшпөй эле өтүп кеткен болот. Сиз оор жүк ташыган автоунааларды таразага тартуу жайларында иштеген кызматкерлерге шарт түзүп берип жатасыз. Алар мурун 1 унаадан 5-10 миң сомдон алса, эми 20 миңден ала баштайт. Мен буга макул эмесмин. Анткени, мен мындай учурларды өзүм да көргөм” – деп билдирди Камчыбек Жолдошбаев.

“Экинчи, Ат-Башы районунун кире беришинде пост бар. Ал жакка 40 тонналык жүк ташуучу унаалар келет, посттон өтөөрдө эле 20 тонна болуп калат. Сиз, мыйзам долбоору менен аларга шарт түзүп берип жатасыз. Ал жакта иштеген кызматкерлер 10 жылдан бери иштешет. Алар оорубайбы, же пенсияга чыкпайбы, же алардын тааныштары ушунчалык көппү?” – деди Камчыбек Жолдошбаев.

“Сиз айткан маселелерди биз дагы айтып жатабыз. Эгерде ал жакка автоматташтырылган системаны орноштурсак, ал жакта сиз айтып жаткан адамдар болбойт. Эгерде жүк ташуучу автоунаа таразага кирбей түз өтүп кетсе, анда 55 миң сом өлчөмдө айдоочунун атына айып пул келет. Биз адамдык факторлорду, коррупциялык схемаларды жокко чыгарып, автоматташтырылган система иштесин деп жатабыз. Аны алдаганга болбойт. Алгач айып пулду 100 миң сом дедик эле, бирок Бузуулар кодексинин концепциясына туура келбегендиктен юридикалык жактарга 55 миң сом, ал эми физикалык жактарга 17 миң сом айып пул деп жатабыз” – деп билдирди Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуулар жөнүндө кодексине, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) мыйзам долбоорун карашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: